13 сентября 2021
Бишкек троллейбус башкармалыгы электробустун келиши күтүлүп жаткандыктан айдоочуларды ишке алып баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Кийинки жылы борборго 120 электробус келери айтылган.
Буга байланыштуу Д категориясындагы жана тажрыйбасы үч жылдан жогору болгон айдоочулар, ошондой эле троллейбустун айдоочуларына муктаждык бар.
"Биз өз кезегинде айдоочуларды бекер окутуп-үйрөтүп, жакшы айлык менен ишке алууну убадалайбыз. Ошондой эле социалдык пакеттер каралган", — деп айтылат маалыматта.
Кененирээк маалыматты башкармалыктын кадрлар бөлүмүнөн (0312 65-75-90) алууга болот.