10 сентября 2021
Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келгенин өкмөттөн кабарлады.
Аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.
Белгилей кетсек, Фуат Октай Бишкекте боло турган соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-кеңешмеси менен кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышат.
Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар өтүп, документтерге кол коюлат жана "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.