Мерьем Узерлини жашыткан Нурайым Азыкбаева. Видео

10 сентября 2021 Мерьем Узерлини жашыткан Нурайым Азыкбаева. Видео

"Даңазалуу доор" тарыхый сериалында Хюррем султандын ролу менен таанылган актриса Мерьем Узерли Нурайым Азыкбаеванын талантына таң берип, ырдап жатканда көзүнө жаш алган. Видеону кино жылдызы өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

ВИДЕО

"Урматтуу Нурайым Азыкбаева, сиздин энергияңыз, аткаруу чеберчилигиңиз, жагымдуу үнүңүз жана ырыңыз катуу таасир этти. Ушундай сезимдерге бөлөгөнүңүз үчүн рахмат. Сиз мыкты артистсиз", — деп жазган Узерли.

Видео Кыргызстанда тартылып, анда Азыкбаева англисче ырдаган. Кадрдан актриса жашып, жанында отурган Азия эл аралык кинофестивалынын директору Асел Шерниязова аны кучактап, желпүүр бергенин көрүүгө болот.

Мерьем Узерли 6-сентябрда Кыргызстанга Азия эл аралык кинофестивалынын (Asian World Film Festival) чакыруусу менен келип, жыл сайын Стамбулда өтө турган Азия аймагындагы телесериалдардын Asian World TV Series Awards сыйлыгынын презентациясына катышкан.


sputnik