Ажырашуу тууралуу ой келсе, эмне кылуу керек? 6 кеңеш

9 сентября 2021 Ажырашуу тууралуу ой келсе, эмне кылуу керек? 6 кеңеш

Ажырашуу тууралуу ой сүйүп кошулган түгөйлөргө да келет. Адамбыз да, “Ажырашып кетсем, кандай болот эле?” деп ойлонобуз. Мындай ой үй-бүлөлүк көйгөйлөр пайда болгон кезде, жолдошуңуздун кээ бир жагымсыз кылыгы чегине жеткенде, жумушсуз үйдө отурганда келет. Сизге көп учурда ушундай ой келеби? Эгер ушундай ой менен жашап жүрсөңүз, психологдор төмөнкүдөй кеңеш берет.

1. Сүйүү бүткөндөй сезилип жатабы? Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Жарыңыздын үй-бүлөдөн бөлөк ата-энеси, туугандары, кесиптештери, достору бар дегендей. Ар бир менен болгон мамиле ар башка. Ошон үчүн жарыңыз күн сайын жылуу, таттуу сөздөрүн, сүйүүсүн арнай бербейт.

Эсиңизде болсун, сүйүү түбөлүккө созулбайт. Сүйүү барган сайын урматтоого жана достукка айланат. Эгер сезимдер өчүп баратканын сезсеңиз, “Биз неге баш коштук эле?” деген суроо берип, үй-бүлөңүздү сактап калууга аракет кылыңыз.

2. Түшүнбөстүктөр жана пикир келишпестиктер көп болобу? Эки адамдын көз карашы эки башка болушу кадимкидей көрүнүш. Анткени, эркек менен аялдын психологиясы эки башка. Сиздин айтканыңызга ар дайым көнө бербегенине кубаныңыз. Анткени, жарыңыз өз пикири бар адам.

3. Уруш-талаш чарчаттыбы? Ал кыйкырып жатканда, сиз унчукпай эле коюңуз. Айтканга оңой болгону менен, албетте, кыйын. Бирок, “Башкысы балдарым бар. Жалгыз эмесмин. Ансыз деле өмүр сүрө алам” деген ойдон алыс болуңуз. Анткени, балдар үйдүн коногу. Ооба, алар чоңоюп, эртең үй-бүлө куруп, өздөрүнчө кетишет. Алардын бирөө да сизди жарыңыздай түшүнбөйт. Сиздин үй-бүлөңүз – жарыңыз.

4. Мурункудай эмес, өзгөрүп кеттиби? Бул да кадимки көрүнүш. Сиз да өзгөрөсүз, ал да өзгөрөт. Табиятта баары өзгөрүлмөлүү. Адамдын туруш-турпаты, мүнөзү, сымбаты өзгөрөт. Ошол калыбында кабыл алууну үйрөнсөңүз, өмүр сүрүү оңой болот.

5. Эгер үй-бүлө кургандан кийин үч жыл бирге өмүр сүрсөңүздөр, жашоону андан ары карай улантууга болот. Алгачкы үч жылда бир топ кыйынчылыктар болору анык. Адам шаар которгондо, жаңы жумушка киргенде адаптация керек болгондой, жаңы үй-бүлө курганда да адаптация керек. Психологдор буга үч жыл керек дешет. Эгер андан сабырдуулук менен өтсөңүз, калганы жеңил болот.

6. Көйгөй ошол бойдон эле калдыбы? Эсиңизде болсун, тирүү жандын көйгөйү эч убакта түгөнбөйт. Жашоо – бул ар бир көйгөй менен күрөшүү, аны чечүү, жеңүү. Ажырашкандан кийин маселе чечилет десеңиз, жаңылышасыз. Андан кийин башка көйгөйлөр пайда болот. Кандай көйгөй болбосун, эки адам болуп чечүү жеңилирээк.