Диетолог кимге пияз жегенге болбой турганын айтты

9 сентября 2021 Диетолог кимге пияз жегенге болбой турганын айтты

Диетолог, нутрициолог, Канаданын диетологдор ассоциациясынын мүчөсү Наталья Нефедова пияз кимге пайдалуу, кандай учурда зыян экенин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, пияз витамин, минерал, клетчатка жана фитозаттарга бай. Ал өзүнүн уникалдуу курамы менен сезгенүү процесстерин жок кылып, иммунитетти бекемдейт.

Дарыгер пияз айрым оорусу бар адамдарга да пайдалуу экенин кошумчалаган.

"Анын курамында витамин жана минералдар бар. Маселен, С, B витаминдери, клетчатка. Андагы антиоксиданттар организмдеги сезгенүү процессин жок кылат. Бул жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет, рак дагы болушу ыктымал", — деди Нефедова.

Дарыгер пиязды дары катары колдонбош керектигин эскерткен. Аны дайыма жеп, ооруну алдын алуу максатында пайдалануу зарылдыгына токтолгон. Бирок айрым учурда бул жашылчаны этияттап колдонуу зарыл.

"Ичеги дүүлүгүп, гастрит же зарына болгон убакта бул өсүмдүктү абайлап колдонгула. Ошентсе да байкап көрүү зарыл", — деген адис.

Пияз чирип, пайдалуу касиеттерин жоготуп албаш үчүн аны салкында кармап, сактоо зарыл. Ошондой эле бири-биринен ажыратып койгон жакшы.


sputnik