Күн сууктап, кар түшөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

9 сентября 2021 Күн сууктап, кар түшөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

10-11-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир катар жерлерге кар түшөрүн Кыргызгидромет кабарлады.

10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткендин айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, добул болот. Тоолуу райондордо жамгыр карга айланат, ал эми бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

11-сентябрда Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткендин дээрлик бардык жерлеринде, Талас, Нарын облустарынын бир катар аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, тоолуу райондорго кар түшөрү айтылды. Алардын ичинен кээ бир райондорунда жамгыр катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр болсо, кээ бир жерлерде катуулап, секундасына 17-22 метрге жетери айтылды.

10-11-сентябрдын түнүндө аба сезилерлик муздайт.

Чүй облусунда түнү 7…12, күндүзү 18…23 градус, ал эми тоо этектериндеги райондордо түнү 5…10, күндүзү 14…19 градустун тегерегинде болору кабарланды.

Талас облусунда термометр түнү 4…9, күндүзү 17…22 градусту көрсөтөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнү 10…15, күндүзү 23…28 градустун, ал эми тоо этектериндеги райондордо түнү 7…12, күндүзү 20…25 градустун тегерегинде болот.

Ысык-Көл өрөөнүндө термометр түнү 6…11, күндүзү 20…25 градусту көрсөтөт.

Нарындын дыйканчылык аймактарында түнү 3…8, күндүзү 20…25 градус, ал эми тоолуу райондордо түнү -3…+2, күндүзү 6…11 градустун тегерегинде болот.

Өзгөрүлмөлүү аба ырайы айыл, мал чарбачылыгындагы иштерди, жайыттардагы малды кармоону кыйындатып, энергетика жана коммуналдык багыттагы кызматтарды аткарууда машакат жаратары айтылды.


sputnik