Алтындан жасалган буюмдар. Даниялык киши кенч таап алды

8 сентября 2021 Алтындан жасалган буюмдар. Даниялык киши кенч таап алды

Үйрөнчүк-археолог Оле Гиннеруп Шитц Даниянын аймагынан кенч таап алды. Бул тууралуу The Irish Sun басылмасы жазды.

ЖМКлар билдиргендей, археолог темир издегич аппаратынын жардамы менен болгону бир нече сааттай убакыт короткон.

Щитц жалпы салмагы бир килограммга жеткен алтындан жасалган 22 буюм тапкан. Арасында Один кудайы жана атактуу рим императору Константиндин сүрөтү түшүрүлгөн медальондор жана башка баалуу зер буюмдар бар.

Жерине келген археологдор табылгага бир жарым миң жыл болгонун белгилешкен. Алар кенчти улуу жол башчы көмгөнүн, казуу иштери жүргүзүлгөн аймак бир кезде Рим империясы менен соода-алака жүргүзүлгөн ири экономикалык борбор болгон деп эсептешет.

ЖМКлар жазгандай, табылга Вайле музейине коюлат. Кийинчерээк ал Даниянын улуттук музейине алып келинет. Щитцке кенчтин баасынын бир бөлүгү төлөнөт. Акчанын суммасы айтылган эмес.



sputnik