Жөтөлдү дарылоо үчүн дары-дармектерден сырткары элдик каражаттарды колдонуу дарылоого жакшы жардам берет. Бул тууралуу пульмонолог Сергей Пурясев айтып берген.
Күз менен кышта сасык тумоону, гриппти көп учурда жөтөл коштойт. Медиктер жөтөл дем алуу жолдорун какырык менен инфекциядан тазалоого жардам берген коргоочу рефлекс экенин айтышат.
"Жөтөл — сезгенүү, бул микробдун бар экендигинен кабар берет. Вируска, микробго каршы каражаттарды сөзсүз ичиш керек. Андан сырткары, сезгенүүгө каршы каражаттар да жардам берет. Дарыгер гормоналдык дарыларды да эки-үч күнгө жазып бериши мүмкүн. Горчичниктер да жакшы, алар ысытып, сезгенүүнү жок кыла турган касиетке ээ", — деп түшүндүргөн адис.
Пульмонолог жанды жеген жөтөлдү ич май да жакшы басарын билдирген.
"Жөтөлдү айыктыра турган эң сонун каражат — ич май. Ал чочконуку, каздыкы, аюунуку, иттики, кашкулактыкы, түлкүнүкү болушу мүмкүн. Өпкө бизди кычкылтек менен камсыздагандан сырткары организмге меш катары кызмат кылат. Бир кесим май жеп же бир ууртам ичкенден соң, ал өпкөнү "жылыта" баштайт. Бир грамм майдан 9 калорий бөлүнүп чыгат. "Меш" ысып, кан да жылый баштайт. Эгерде өпкөнү жылытып, аны камсыздасак, өзүн жакшы сезе баштайт. Биз айткан май аз болсо, киши көп убакытка чейин жөтөлүп жүрө берет", — деп түшүндүргөн Пурясев.
Адис жөтөл башталганда эле дарылоону колго албаса, көпкө чейин кетпей тургандыгын эскерткен.
"Баары оорунун жеңил же оордугуна жараша. Эгерде киши сасык тумоолоп калса, беш күндөн 15 күнгө чейин сакталышы мүмкүн. Эгерде илдет оорураак түрү – өпкө кагынып же бронхитке чалдыкса, жакшылап дарылабаса, жөтөл өмүр бою коштоп жүрө берет", — деп эскерткен Пурясев.
Буга чейин терапевт, пульмонолог Владимир Бекетов жөтөлдүн кайсы түрүндө дароо дарыгерге баруу керек экенин айтып берген.