Футболдо кызынын колун сураган Азамат: милиция кармап, тоскоолдуктар көп болду. Видео

8 сентября 2021 Футболдо кызынын колун сураган Азамат: милиция кармап, тоскоолдуктар көп болду. Видео

Кыргызстан менен Бангладеш командаларынын футболдук мелдеши учурунда Жибек аттуу сүйлөшкөн кызынын колун сураган Азамат идея кандайча жаралганын, аны ишке ашырууда кабылган кыйынчылыктарды айтып берди.

"Биринчиден, менин атам бул жакта иштейт. Эң жакын досторумдун бири Абай Боколеев курама командада футбол ойноп жатат. Мен кызымдын колун кантип өзгөчө кылып сурасам деп ойлоп жатсам, ал "футбол учурунда сунуш киргиз" деп калды. Абдан толкундандым, тоскоолдуктар дагы болбой койгон жок. 15-20 мүнөт мурда укук коргоо органдары кармап алды. Мен фейерверк аттырып, мындан да өзгөчө, кооз кылууну ойлогом. Бирок андай кылганга болбойт экен. Элдикинен башкача ыкма менен сунуш киргизейин деп ушундай идея жаралды. Мен сени абдан жакшы көрөм", — деп жанындагы сүйлөшкөн кызын карады.

ВИДЕО

Жибек кабарчынын "сунушту кабыл алдыңызбы?" деген суроосуна күлүп, "ойлонуп көрөм" деп жооп берген.

Белгилей кетсек, беттештин биринчи таймы аяктаган соң трибунанын чыгыш тарабында Азамат "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакатты жайган. Футбол көрүүчүлөрү "Жибек" деп кыйкырышкан. Андан соң жигит кызына кучак толо гүл берип, колун сураган.

Бүгүнкү Кыргызстан менен Бангладештин ортосундагы жолдоштук беттеште кыргызстандык футболчулар 4:1 эсеби менен жеңип, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды.


sputnik