Пакистандыктарга виза берүүнү токтотууга ЖК депутаты каршы чыкты

8 сентября 2021 Пакистандыктарга виза берүүнү токтотууга ЖК депутаты каршы чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов Пакистан жарандарына виза берүүгө тыюу салууга каршы чыкты.

Бүгүн парламенттин Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар комитети "Манас" эл аралык аэропортунун иши тууралуу маселени карады. Анда Кыргызстанга келип жаткан пакистандыктар тууралуу сөз болду.

Депутаттын айтымында, Кыргызстанга караганда Пакистандын экономикасы бир топ өнүккөн.

"Биз Кыргызстанга туристтерди тартышыбыз керек деп кыйкырып жатабыз. Кызмат көрсөтүү, аэропорт иштейт. Алардын иштешин өзүбүз талап кылып жатабыз дагы, тескерисинче, чектөөлөрдү киргизип коёбуз. Бул туура эмес. Мен виза берүүнү токтотууга каршымын. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек", — деди ал.

Ошондой эле депутат күз мезгилинде Ысык-Көлдө мынча туристтин болгону жакшы экенин айтып, виза бир эле айга берилерин эске салды.

"Алар учуп келип кайра кетип жатышат. Биз чектөө койбошубуз керек. Андан көрө аларды алып келип жаткан компанияларга жардам берели, сервисти жакшырталы. Жарандарга пакистандыктардын зыяны жок экенин түшүндүрүшүбүз керек. Албетте, улуттук коопсуздук тууралуу дагы унутпашыбыз керек. Баса, биз туристтерге соода түйүндөрү кайда экенин көрсөтүшүбүз зарыл. Экономика сооданын аркасы менен дагы өсөт", — деди Тотонов.


sputnik