Турмушка чыгуу алдында турган кыздарга эркектердин кайсы сапатына көңүл буруу керектиги тууралуу кеңешти сунуштайбыз.
Бат эле таарынып калган эркектер
Ар бир айтылган сөздү көңүлүнө жакын кабыл алып, же ага таарынып калган эркектер кыздарга окшош болушат. Таарынуу алсыздарга гана мүнөздүү.
Жоопкерчиликтин баарын башкага жүктөгөн эркектер
Алсыз эркек жоопкерчиликтен коркот. Жанындагы адам ким экенине карабай, жоопкерчиликти ага жүктөп салат. Жумушта бир аз кыйынчылык болсо, кесиптешине оодарып салат. Ал эми үй-бүлөдө бардык жүктү, жоокерчиликти аялдын мойнуна асып коёт.
Башкалар аны аяр мамиле кылышын жакшы көрөт
Эң алсыз эркек – кыйынчылыкка туш болсо, энесинин этегине жашынып, сооротууну каалап турган жаш бала сыяктуу. Булар башкалардан аяр мамилени күтүшөт. Мындай эркекке жолуккан аял турмушта дайыма коргоочу, сооротуучу, чечим кабыл алуучу болуп өтөт.
Жанындагыларга ич күйдүлүк менен мамиле кылат
Мүнөзү алсыз эркектер жанындагы адамдардын жетишкендиктерине ичи күйүп, кызганып кетет. Эркек-аял, дос-тууган экенине да карабайт. Булар турмушта өздөрү эч нерсеге жетишпейт, жетүүгө аракет да кылбайт. Бирок, башкалардын жетишкендиктерин көрө албайт.
Так максаты, планы жок
Алсыз эркектер жашоо агымы менен гана жүрүп, алдыга умтулбайт, аракет кылбайт. Эгер мындай эркектен “өмүрдө эмне каалайсың?” деп сурасаң, оңдуу жооп ала албайсың. Ушундай эркекке аял болуудан кудай сактасын! Анткени, бир нерсе айтсаң, “көрөбүз” деп тойгузат.
Баарынан мурун өзүн ойлойт
Өзүмчүлдөрдүн көпчүлүгү алсыз келет. Себеби, алар өзүн аябай жакшы көрүшөт. Булар өзүн аяп, жакындарына талапты көп коёт, башка бирөөнүн сөзүн укпайт. Эч качан айыптуу болгусу келбейт. Ошондуктан, мындай эркектердин аялы күнөөлүү болбосо да өзүн күнөөлүү сезишет.