Саясий партиялардын тизмелеринин алдыңкы саптарында тургандар депутат болуш үчүн 100 миң доллардан 1 миллион долларга чейин беришкен. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов айтты.
Билдирүүнү ал ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Эсап палатасынын аудиторлорун тогуздан үчкө түшүрүү маселелеси талкууланып жатканда жасады.
Нышанов жамаат бирдиктүү болуп иштегенде аудиторлор финансылык мыйзам бузууларды көп табарын, ал акча ар бир аудитордун ишине кеткен чыгымдан алда канча көп сумма экендигин айтты. Эл өкүлү текшерүүчүлөрдүн санын азайтуунун кереги жок деген пикирде.
Дагы бир депутат Айбек Алтынбеков андан эмне үчүн буга каршы болуп жаткандыгын сурап, Кыргызстанда депутаттардын саны 120дан 90го кыскартуу чечилгенин эске салды.
Ага эл өкүлү Нышанов төмөнкүдөй жооп берди:
"Кеп депутаттардын санында эмес, элдин кыжырын келтирген ал эмес. Саясий партиялардын тизмесинде алды жакта болуу үчүн 100 миң доллардан 1 миллион долларга чейин берген депутаттар ушу тапта жумушка келбей жатат. Ошондуктан азыр баары мышык ыйлагыдай абалда. Эсеп палатасынын иши ачык жана майнаптуу болушу керек", — деди Нышанов.
Эл өкүлдөрү отурумда кыскартуунун негизги себеби бюджеттен аудиторлордун чыгымына деп каралган акчаны үнөмдөө экенин айтышты.