Түркиялык "Даңазалуу доор" сериалынын жылдызы Мерьем Узерли Бишкектеги фанаттары менен жолуга албай турганын билдирди.
Актриса Кыргызстанга Азия эл аралык кинофестивалынын (Asian World Film Festival) чакыруусу менен келип, мындан ары жыл сайын Стамбулда өтө турган Азия аймагындагы телесериалдардын Asian World TV Series Awards сыйлыгынын презентациясына катышты.
"Пандемиядан улам жана абдан тыгыз графикке байланыштуу Бишкектеги күйөрмандарым менен көрүшө албайм. Мен Кыргызстанга дагы бир ирет келип кетүүнү пландап жатам, ошондо жолугушуу болоруна ишенем. Бишкекке келер алдында мен көп окуп, даярдангам. Бул жер мага абдан жакты. Кыргызстанга келгениме кубанычтамын", — деди актриса.
Ал ошондой эле Кыргызстанга бир эле күнгө келгенин кошумчалаган.
Мерьем Узерли 2019-жылы өткөн Азия эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун төрайымы болгон жана фестивалдын кеңешинин курамына дагы кирген.
Asian World Film Festival — коомдук ишмер, Кыргызстандын кинематографисттер бирикмесинин төрагасы Садык Шер-Нияз тарабынан АКШнын Лос-Анджелес шаарында негизделген эл аралык кинофестиваль.