Талибдерге каршы согушкан вице-президент Салехтин Тажикстанга кире качканы айтылды

6 сентября 2021 Талибдерге каршы согушкан вице-президент Салехтин Тажикстанга кире качканы айтылды

Талибдерге каршы согушкан Афганистандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салех Тажикстанга кире качты. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда, Sputnik Тажикстан кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, Салехтин постсоветтик мамлекетке качканын Al Arabiya менен Afghanistan International дагы жазды.

Эске салсак, талибдер бийликти алгандан кийин өлкөдөн Афганистандын президенти Ашраф Гани чыгып кеткен. Мындан улам вице-президент Амрулла Салех Конституцияга таянуу менен өзүн-өзү президент катары жарыялап, Панжшерде согушкерлерге каршылык көрсөтөрүн айткан. Бирок 6-сентябрда талибдер Панжшерди толугу менен өз көзөмөлүнө алганы кабарланды.

Ал эми Салех менен биргеликте "Талибан"* кыймылына каршы чыккан лидер Ахмад Масуд учурда коопсуз жерде экенин жана ал жакынкы аралыкта кайрылуу жасай турганын Афганистандын Улуттук каршылык фронтунун өкүлү Али Назари жазды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.



sputnik