Гвинеяда төңкөрүшчүлөр өлкө президентин туткундап алышты. Видео

6 сентября 2021 Гвинеяда төңкөрүшчүлөр өлкө президентин туткундап алышты. Видео

Гвинеяда мамлекеттик төңкөрүш жасоого ниеттенген топ өлкө президенти Альфа Кондени туткундап алды. Бул тууралуу Guinee News порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.

ВИДЕО

ЖМКлардын маалыматы боюнча, төңкөрүш жасоого полковник Мамади Думбуянын жетекчилигиндеги атайын даярдыктагы бөлүк аракет кылган.

ВИДЕО

Ошондой эле бир нече чиновник кармалганы айтылды.

ВИДЕО

Полковник Думбуя буга чейин француз легионунда кызмат өтөгөнү маалым.

Ал эми президент Альфа Конде Гвинеяны 2010-жылдан тарта башкарып келет. 2020-жылы кезектеги шайлоодон утуп чыккан. Добуш берүүдөн соң башаламандык башталып, кеминде ондой киши каза тапкан болчу.


sputnik