Жыныстык катнаш тууралуу биз билбеген сырлар абдан көп. Айрымдары жаңылык деле эмес.
1. Витаминдин жардамы менен жыныс мүчөсүн чоңойтууга болот
Эркектерге арналган. 2009-жылы Калифорниядагы эндокриндик медициналык борбордун изилдөөчүлөрү витаминдерди кабыл алуу аркылуу изилдөөгө катышкан эркектердин жыныс мүчөсү 1,16см өсүп, 1,3см жоонойгонун далилдешкен.
2. Секс эркектер үчүн өтө маанилүү
Аялдар жыныстык катнаш тууралуу орто эсеп менен жумасына үч жолу ойлошсо, эркектер күндө ойлонот. Алар үчүн жыныстык катнаш баарынан маанилүү.
3. Сперма – күчтүү антидепрессант
Нью-Йорктогу изилдөөнүн натыйжасы эркектин спермасы стресс менен күрөшөрүн далилдешкен. Анын курамындагы химиялык зат маанайды көтөрүп, уйкунун сапатын жакшыртат.
4. Оргазм – аялдар үчүн жетишкендик
Оргазм аялдар үчүн жетишкендик экенин изилдөөлөр көрсөткөн. Себеби, аялдардын 70%ы өмүрүндө оргазмды такыр сезбейт.
5. Овуляция учурунда аялдар көп киреше табат
Бул стриптиз бийлеген кыздарга тиешелүү. Овуляция учурунда алар эркектерге жыгымдуу болуп көрүнөт экен, анын арты менен клубга келген эркектерден көп “чай пул” алышат.
6. Жыныстык катнаш эс-тутумду жакшыртат
Бул аялдарга гана тиешелүү. Акыркы изилдөөлөр жыныстык катнаш менен алектенген аялдарда эс-тутуму жакшы экенин көрсөткөн. Анын себеби, жыныстык катнаштан соң мээнин гиппокамп бөлүгүнө кан агымы көбүрөөк барганында.
7. Аялдардагы оргазмдын убакыты аз эле
Аялдар сезген оргамздын убактысы орто эсеп менен 20 секунд гана. Бирок, бул көрсөткүч эркектерге 14 секундга узагыраак.
8. Кеп “чоңдугунда” эмес
Аялдардын көпчүлүгү жыныс мүчөсү чоң эркектер менен оргазмды сезе бербейт экен. Себеби, чоң мүчө ыңгайсыз, анын үстүнө оорутуп коёт. Мындайда рахат алуу мүмкүндүгү азаят.
9. Оргазмдан да аллергия болушу мүмкүн
Оргазмды сезе билген кээ бир аялдарда аллергия пайда болот. Ал чүчкүрүү, мурдунан суу, көздөн жаш агуу же жыныс кынында кычышуу жана кызаруу болушу мүмкүн.
10. Сперматозоиддер өтө тез кыймылдайт
Сырттан караганда сперма кыймылсыз көрүнөт. Бирок, аялдын организмине түшкөндөн кийин ылдамдыгы мүнөтүнө 5 милиметрге көбөйөт. Анын алдымдыгын кадимки балыктын сүзүүсүнө салыштырууга болот.
11. Мурундун бүтүп калышы секс болушу мүмкүн
Чектен ашкан дүүлүгүү кан агымын жыныс мүчөсүнө гана эмес, башка органдарга да айдашы мүмкүн. Ушул учурда айрым адамдардын муруну бүтүп калат.
12. Алма – дүүлүктүргүч
Кулпунай менен устрица жыныстык катнашка болгон каалоону арттырат деп коюшат. Бирок, көпчүлүк алманын да дүүлүктүрүүчү касиети бар экенин биле бербейт.
13. Секс ашыкча салмактан арылтпайт
Акыркы изилдөө ушуга келип токтогон. Жарым саат секс менен алектенүү 110 ккал гана арылтат. Анын ордуна сууда сүзүү натыйжа берет. Арыктоо үчүн бир саат бою секс менен алектенүү керек.
14. Секс баш ооруну айыктырат
Бул эркектер үчүн жаңылык эмес. Аялдар баш ооруну шылтоо кылып жыныстык катнаштан качат. Секс кан айланууну калыбына келтирет.
15. Улуттук өзгөчөлүк да сексуалдуулукта роль ойнойт
Гректер – дүйнөдө секс менен эң көп алектене турган эл. Аларда бир адам жылына орто эсеп менен 138 жолу жыныстык катнаш менен алектенсе, жапондор эң сейрек – жылына 45 жолу гана алектенишет.