Хабиб Нурмагомедов алдыдагы беш жылдык планын айтты

3 сентября 2021 Хабиб Нурмагомедов алдыдагы беш жылдык планын айтты

UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жакынкы беш жылдагы планы менен бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.

Нурмагомедов "Жаңыча билим" аталыштагы марафонго катышкан. Ага журналисттер алдыдагы 10 жылга кандай планы бар экенин сурашкан.

"Он жыл — бул узак мөөнөт. Мынча убакытта көчөт отургузуп, түшүмүн алып, аны кыйып салып, кайра жаңыдан көчөт отургузууга жетишсе болот. Мен башкаларга пайдасы тийген адам болгум келет. Турмуштан алган тажрыйбамды кийинки муунга үйрөтүү менен адамдарды бул жашоодо ийгиликтүү кылгым келет. Эгер билсеңиздер, СССР учурунда алдыдагы беш жылга план түзүлчү. Мен алдыдагы беш жылда беш миң жумушчу орун түзүүнү пландап жатам", — деген Нурмагомедов журналисттерге.

Хабиб Нурмагомедов ММА спортунда 29 беттеш өткөрүп, баарында жеңүүчү болгон. 2020-жылдын октябрында ал америкалык Жастин Гэтжини уткандан кийин спорттон кетерин жар салган.


sputnik