Баткенде "Түштүк-2021" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Баткенде "Түштүк-2021" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун ачылыш аземи өттү
Машыгууда республиканын аймактарында аскердик абал киргизилген шарттарда аскердик түзүм, мамлекеттик башкармалык жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын даярдыгын текшерүү пландалууда.
Ага Коргоо министрлиги, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматынан 200 кызматкер жана 1 500 жаран катышуусу күтүлүүдө.
Ачылыш аземинде коргоо министри Таалайбек Өмүралиев мекенди коргоодон өткөн ыйык милдет жок экенин белгилеп, аны аскер адамдары, тартип сакчы, куткаруучу жана жөнөкөй эл тастыктап жатканына токтолгон. Аскердик иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, мамлекеттик мекемелердин башчылары жана өкүлдөрү катышкан.