Коронавирус пандемиясынан улам жакын тууганына топурак сала албай калган австралиялык фермер коштошуу сезимин багып жүргөн койлору аркылуу билдирген.
Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатында жашаган фермер Бен Жексон короодогу койлорун жүрөк кылып тизгенин видеого тартып алган.
Ролик анын эжесин жерге берүү зыйнатында көрсөтүлгөн. Жексон өзү пандемиядан улам тууганын акыркы сапарга узатууга катыша албай калганын The Guardian жазды.
Фермердин эжеси Деб Каудери эки жылдай рак илдети менен ооруган. Маркум Квинсленд штатында жашаган. Пандемиядан улам Жексон тууганы ооруп жатканда андан кабар алууга, каза болгондо жерге берүү зыйнатына бара алган эмес.
"Мен сүйүктүү эжемди жакшы көрөрүмдү кантип билдирүүнүн жолун таппай кыйналдым", — деген ал.
Койлор жүрөк болуп тизилиши үчүн Жексон аларды бир канча күн бою окшош режимде жем берип багып көндүргөн.
Фермер видеону дрондун жардамы менен тартып алып, эжеси жактырган Bridge Over Troubled Water (Шар аккан суудагы көпүрө) ырынын обону менен монтаждап, Квинсленддеги туугандарына жиберген.
Жексондун айтымында, тажияда коштошуу видеосун көргөн көпчүлүк ыйлаган. Соцтармактарда болсо Жексон сыяктуу локдаун маалында туугандарын жоготкон он миңдеген австралиялыктар лайк басышкан.