Саны өсүүдө. Кыргызстанда канча партия бар

2 сентября 2021 Саны өсүүдө. Кыргызстанда канча партия бар

Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстандагы 290 партиянын тизмесин берди. Бул тууралуу БШК кабарлады.

1-сентябрга карата өлкөдө 290 саясий уюм каттоодон өткөн. Ал эми былтыр, парламенттик шайлоонун алдында, 259 партия бар болчу. Бир жыл ичинде Кыргызстанда дагы 31 жаңы уюм катталган.

Партиялардын толук тизмеси, жетекчиси жана катталган убактысы тууралуу кенен маалыматты БШКнын сайтынан алууга болот.

Эскерте кетсек, кезектеги парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. 1-сентябрга карата берилген маалымат боюнча, ага 15 партия катышуу ниетин билдирген.


sputnik