31 августа 2021
Бишкектеги караоке-клубдардын биринде эркек киши кызды чыканагы менен сулата чапты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.
Окуянын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Кадрдан кыз менен эркектин тепкичтен чыгып келе жатканын көрүүгө болот. Көп өтпөй эркек чыканагы менен кызды бет тушка катуу соккон. Ал тепкичтен ылдый кулап кеткен.
Соцтармактарда окуя болжол менен Сухэ-Батор көчөсүндөгү "40x40" аттуу караоке-клубда болгону айтылат.
Октябрь райондук милициясы видео аркылуу урган адамдын ким экенин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын айтты.