Дарыгер суук тийген кишини дарылоодогу негизги каталарды санап берди

30 августа 2021 Дарыгер суук тийген кишини дарылоодогу негизги каталарды санап берди

Отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев суук тийгизип алган учурда кетирген катачылыктарды санап берди. 

Адистин пикиринде, көпчүлүк күз мезгилинде суукка урунуп калганда дарыгерге кайрылбайт.

"Айрымдар элдик ыкмаларды колдонуп, үйдөн дарыланып алууну туура көрүшөт. Ошонун арасында ысык мончого түшкөн туура деп ойлошот. Бирок бул адамдар жаңылышат. Ысыктан тамак, мурун көңдөйүнүн ансыз деле кыйналып турган тамырлары ого бетер шишип, оору күчөйт", — деди Зайцев.

Анын айтымында, мончо адам сакайып калган учурда гана пайдалуу. Ошондой эле ал пияз менен сарымсак эч качан суукка урунган организмге жардам бербей турганын кошумчалады.

"Мен жогоруда айткандай, суук тийгенде мурун менен тамактын тамырлары шишип, жабыркайт. Мындай учурда пияз менен сарымсактын жыты аларды ого бетер кычыштырышы мүмкүн. Ал тургай чеснок мурун көңдөйүн күйгүзүп дагы жиберет", — деди дарыгер.

Суук тийүүнү көпчүлүк олуттуу кабыл албаганы менен адис дарыгерге кайрылып коюу туура экенин айтты.


sputnik