Келиндин айтуусунда кайнатасы эротикалык филимдерди көп көрөт экен.
“Алгач ирет байкаганым, үйдөгү ноутбукта кино ачык турган баракчаны жабууну унутуп кетиптир. Телевизордун астындагы текчеде турган ноутбукту баарыбыз пайдалана беребиз. Жумушума керек болуп ачсам, көрүп жаткан киносу орто жеринен токтоп туруптур. Бетиндеги сүрөттү көрүп өзүмдөн өзүм уялып кеттим. Аял менен эркектин төшөктө жылаңач жатканын көрүп эч ким байкаган жокпу деп коркуп кеттим. Алтынчы класста окуп жаткан кызым көрүп калдыбы деп чочудум. Башка эч ким оюма келген жок.
Баламды урушуп, күйөөмө айттым. Балам “мен эмес” деп мойнуна албайт. Кайнатам экенин кийин билдик... Аны да мен байкап калдым.
Бир жолу жумуштан башым ооруп, эртерээк келдим. Балдарым сабакта, күйөөм жумушта, үйдө атам гана бар эле. Уктоочу бөлмөгө өтүп баратып, атамдын бөлмөсүнөн “укмуш” дабыш чыгып жатканын уктум. Башында бирөө ыйлап жаткан экен деп ойлодум, токтоп туруп тыңшап, өзүм уялып кеттим...
Уялганымдан бөлмөгө кирип, эшикти ичинен бекитип алдым. Менин келгенимди ошондо билди атам. Ушундан кийин атамдын жүзүн карай алсамчы?! Ал бакчадан кирген жок, мен да балдар келгенче бөлмөдөн чыкпадым...
Андан кийин да атамдын уят кинолорду көрөрүн бир нече ирет байкадым. Аны күйөөмө айта албай жүрөм. “Үйдө келин, балдар бар” деп эскертип койсо, балким тыйылар. Бирок, кантип айтам?!
Эгер энем болгондо, албетте, атам минтип уят кинолорду көрүп отурбайт эле. Энем баарын иш менен жайгарчу. Энемдин көзү өткөндөн кийин, балдары жыйналып келип үйлөндүрөлү дегенде болбой койгон. Балким, эми өкүнүп жүрсө керек. Кантсе да, аялдын орду бөлөк да.
Азыр үйдө атам менен калганда өзүмдү ыңгайсыз сезем. Түрдүү жаман нерселерди ойлойт экенсиң. Чыгынып күйөөмө айтып, атамды үйлөндүрсөк окшойт...” дейт айласы кеткен келин.