Калифорния университетинин окумуштуулары төрөт аялды 3-7 жылга чейин картайтышы ыктымал экенин айтышты. Изилдөөнүн жыйынтыгы Sleep Health журналына жарыяланган.
Кош бойлуулук жана төрөттөн кийинки ден соолук боюнча изилдөөнүн жүрүшүндө 23 жаштан 45 жашка чейинки 33 аялдын канынын үлгүсү каралып, ал жаңы ыкмалар менен изилденген.
Жыйынтыгында адистер төрөт аялдын картаюусун тездетиши ыктымал деген жыйынтыкка келишкен. Алардын айтымында, төрөгөн кыз-келиндердин теломери кыска болот. Теломер — бул карыганда азайган хромосоманын бөлүгү. Клетка канчалык картайган сайын теломер кыскара берет.
Окумуштуулар картаюу процесси жаш энелердин уйкусунун канбаганына да байланыштуу экенин белгилешкен. Жети сааттан кем уктаган аялдын биологиялык жаш курагы көбүрөөк эс алган аялдардыкына караганда аны 3-7 жашка чейин улуу көрсөткөн.
"Төрөттөн кийинки биринчи айларда уйкудан калуу узак убакытка чейин терс таасирин тийгизиши ыктымал. Жети сааттан кем уктоо ден соолукка олуттуу зыянын тийгизип, ар кандай ооруга кептеши ыктымал", — деген изилдөө тобунун жетекчиси Жудит Кэрролл.
Адистер кошумча эс алууга кеткен ар бир саат энени жашартып, анын картаюусуна жол бербейт деген жыйынтыкка келишкен.