15-сентябрдан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуу кадимки тартип менен башталат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жыйында өлкөнүн билим берүү уюмдары 2021-2022-жаңы окуу жылына салттуу режимине даяр экенин жана окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөрүн маалымдаган.
Белгилей кетсек, окутууну мурдагыдай, кадимки тартипте баштоонун маанилүү шарттарынын бири – билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин 70 пайызын эмдөө эле. Бүгүнкү күнгө карата COVID-19га каршы эмделген 61 миң 457 адам (55,8 пайызы) вакцина алган.
"Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов коллективдүү иммунитетин түзүү үчүн эмдөөнүн жүрүшүн күчөтүүнү жана көрсөткүчтү 70 пайызга жеткирүү милдетин койду. Ошондой эле окуучулардын жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Жыйында мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү, алардын жылытуу мезгилине даярдыгы талкууланган.
Марипов суук башталышы менен бардык социалдык объектилер жылуулук менен камсыздалышы керектигин белгилеп, билим берүү уюмдарынын жылытуу системаларын оңдоону өз убагында бүткөрүүнү тапшырган.