25 августа 2021
Кыргыздын сыймыгы, Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спортчу болбосо медицина же укук коргоо тармагында иштемек.
"Медицина, укук коргоо тармактарынын кызматкери болууга тандоо мүмкүнчүлүгү берилген. Бирок жан дүйнөм спортту тандап алды. Ошол себептен жашоомду спортко арнадым", — деди дүйнө чемпиону.
Эскерте кетсек, Тыныбекова Токио Олимпиадасында 62 килограмм салмак категориясы боюнча беттеште финалга чыгып, 3:4 эсебинде япониялык спортчуга утулуп калган.