Атак-даңкка ээ болгону менен Айсулуу Тыныбекова өтө жөнөкөй кыз экен. Бир аз кечиккени үчүн кечирим сурап, эринбей редакциянын ар бир кызматкери менен сүрөткө түшүп, суроолорубузга жакшы маанайда жооп берди.
Олимпиада, ичтеги ыза, акыркы чечим
— Айсулуу, алгач жалпы жамаатыбыздын атынан күмүш медаль, алган наам, сыйлыктарыңыз менен куттуктайбыз! Олимпиадада тартуулаган эмоция үчүн рахматыбызды айтабыз. Президенттин спортчуларга сыйлык тапшыруу аземинде 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиадага катыша турганыңызды айттыңыз. Бул чечимди кабыл алуу оңой болбосо керек.
— Токио шаарында Олимпиада оюндары, тагыраагы, менин салмагым боюнча мелдеш бүтөрү менен ичим сыздап, ачышты. Ичимде сөз менен айта албай турган сезимдер, ыза калып калды. Кармана албай калганда, аял экенбиз, сыртка да чыгып кетти. Ыйлаган учурларым болгон, бирок мынчалык ичим ачышып, сыздап ыйлаган күндөр болбоптур. Кийинки Олимпиадага катышамбы деп ошол күндөн тарта эле ойлоно баштадым, анализ жасадым.
Ага машыктыруучум, жеке машыктыруучум "жакшылап шашпай ойлон, эс алып, анан чечим чыгар. Кандай чечим кабыл алсаң дагы биз колдойбуз" деген кеңештерин айтышты. Жакшылап ойлондум. Жашым өтүп кете элек, бардык жагынан Олимпиадага даяр экенимди сезип, өзүмө ишенип, акыркы чечимимди спортчуларды сыйлоо аземинде айттым.
Азыр мен спорттун жогорку чегинде турам. Ушундай учурда баарын таштап кетип калуу туура эмес болуп калмак. Спортту түшүнгөндөр, көрүп жүргөндөр менин чечимимди туура кабыл алды деп ойлойм.
— Парижде өтө турчу Олимпиадага катыша турганыңызды машыктыруучулар, ата-энеңиз ошол иш-чарада уктубу, ага чейин айта элек белеңиз?
— Ата-энем да, машыктыруучуларым да билген эмес. Чынын айтсам, машыктыруучулар Париждеги Олимпиадага катышса экен деп аябай күтүп жатышкан. Аны мен сөздөрүнөн, кыймыл-аракеттеринен байкап жаттым. Ошол эле учурда алар мен кандай чечим кабыл алсам да колдой турганын айтышкан. Мындай чечимди өзүм кабыл алдым.
— Ата-энеңизчи?
— Кандай болгон күндө дагы алар менин ата-энем. Сыйлык тапшыруу иш-чарасына катышып алып эле кайра айылга шашып кетишкен. Өзүңөр билгендей, айыл жеринде жумуш көп. Алар менен бул тууралуу жай отуруп деле сүйлөшө алган жокпуз.
Ата-энем мындай чечимимди туура кабыл алды деп ойлойм. Эң башкысы, ата-эне өз баласынын бактылуу болушун каалайт экен. Мен бактымды спорттон таап жаткандан кийин жакындарым туура эле кабыл алат деген ойдомун.
— Париж Олимпиадасында сиз 30 жаштан ашып калат экенсиз, ал эми башкы атаандашыңыз Юкако Каваи күчкө толуп турган кези болот экен. Аны жеңип, алтын алганга үч жылдын ичинде толук даяр боло алам деген ишенич барбы?
— Албетте, өзүмө ишенип чечим кабыл алдым. Ишенич болбосо, анда максат коймок эмесмин. Эгер өзүңө ишенбесең, ишти баштабай эле коюш керек.
— Сөздү Токио Олимпиадасына бурайын. Финалга чейин атаандаштарыңызды караандатпай, ишенимдүү жеңип жаттыңыз. Финалда мындай айбатыңыз эмнегедир көрүнгөн жок.
— Финалга чейинки беттештерде аябай коркуу сезими менен күрөшүп жаттым. Килемге чыгар алдында дагы башкача толкунданып, коркконум күчөп жатты. Аны менин жанымдагы жеке машыктыруучум Нурбек Изабеков, ага машыктыруучу Байгазы Бобулов, бизге жардам берип жүргөн машыктыруучу Сүймөнкул Таабалды да көрүп, сезип жатышты. Үч беттешке тең коркуп чыгып жеңип жатып, финалда япон кызы менен кармашарда өзүмө аябай ишенип чыгып күрөштүм окшойт. Машыктыруучуларым берген көнүгүүнү, коюлган максатты толугу менен аткара албай калдым. Натыйжада күмүш болуп калды...
— Бирок сиз кыргыздын башын бириктирип, тарых жараттыңыз. Өлкө үчүн ат көтөргүс эмгек жасап жатасыз.
— Күмүш медалды дал ошол элимдин колдоосунун арты менен башкача сүйүп, кабыл алдым.
Өзүңүздөр билгендей, Олимпиадага катышам деген жүк, жоопкерчиликти алгандан кийин март айында соцтармактын баарын жаап, өзүмдү толугу менен спортко арнагам. Бардык нерседен баш тарткам. Олимпиада оюндары бүттү, күрөш аяктады. Күмүштү кабыл ала албай ичим ачышып, көз жашымды тыя албай койдум. Ошол күнү таң аткыча уктаган жокмун. Бир маалда Instagram, Facebook баракчаларымды кайра көчүрүп, ачып, андагы элимдин колдоосун көрүп ушунчалык ыраазы болдум. Кыргызстандын булуң-бурчу, ар бир айыл, шаар, районунун башы биригип, ынтымактуу болуп жатканын көрүп ичим жылыды. Баягы күмүш медалды мойнума тагынганым менен колума кармап, карап, сүрөткө деле түшпөптүрмүн. Кыргыз элимдин колдоосунан кийин башкача сезимде болуп, күмүш медалды башкача сүйүү менен кабыл алдым. Ошол сезимди элимдин колдоосу ойготту. Аны алтындан да башкача сый-урмат менен кабыл алып, баалуу экенин билдим.
— Facebook баракчаңызга финалдан кийин "спорт мени күчтүү болууга такшалтты" деп жаздыңыз. Карьераңызда кайсы жеңилүүнү өтө оор кабыл алдыңыз эле?
— Күрөш менен машыгып келе жатканыма 11-12 жылдай болуп калды. Бул убакыт аралыгында жеңиш болду, жеңилүү болду. Ошолордун ичинен мага Бразилияда өткөн Рио Олимпиадасында коло медаль үчүн мелдеште утулуп калганым эң оор жана татаал болгон. Алты ай бою депрессиядан чыга алган жокмун, уйку качып, ой басып, башкача болуп кеткем. Коло медаль алсам жеке жашоомду курам, коло медаль эле жетет дегендей өзүмө бир багыт коюп алгам. Бирок маңдайга жазганы экен, коло медаль дагы буйрубай калды. Ар бир болуп жаткан жакшылык же оор абал биз үчүн сыноо деп ойлойм.
— Жеңилүү менен катар эле далай жеңишке жетип, кыргыздын капчыгына канча деген алтын алып бердиңиз. Жеңиштин даамы андан да башкача болсо керек.
— Сөзсүз. Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатындагы жеңишим азыркыга чейин көз алдымда. Мелдешке күйөрмандар өтө көп барды. Аренанын ичине киши батпай калган. Эмнегедир мен күрөшөр алдында келген элди карап, колдоону сезип, байкайм. Ошол колдоо менен алтынды алганда башкача сезим болгон. Эң биринчи жеке машыктыруучум Нурбек Изабековдун 10 жылдан берки эмгегин, ишеничин актай алганым үчүн өзүмө ыраазы болгом. Агай жеке турмушу, үй-бүлөсүнөн мурда жашоосун толугу менен аялдар күрөшүнө арнап койгон. Алтынды алганда дароо агайымды көздөй чуркадым. Мага ыраазы болсо экен деп агайымдын көзүнөн кубаныч, сүйүнүчтү издедим. Өзүмө "Айсулуу, чын эле алтын алдыңбы, чын эле жасай алдыңбы?" деп ыраазы болдум.
Дүйнө чемпиондугун кыялдангандан, элестеткенден да коркчумун. Сөз менен айтып жеткиргис ал сезим мени бир айга чейин коштоп жүрдү. Эртең менен турарым менен алтын медалымды карайм. Дүйнө чемпионатында атайын кур дагы берет. Аны көзүмдү ачарым менен көрө турган жерге коюп алгам. Ойгонорум менен аны карап, "ооба, Айсулуу, медаль сеники" деп сүйүнөм.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери дүйнө чемпиону болбогондуктан, тарыхта бул жоопкерчиликти биринчилерден болуп аткарганым үчүн сыймыктанам, ыраазымын. Бул — айтылбаган эмоция, жазылбай турчу сөздөр. Мындай бакытты ар бир спортчу пьедесталдын үстүнө чыкканда сезет. Кыйналып машыккан күндөрүң пьедесталдын үстүнө чыкканда, Кыргызстандын гимни жаңырып, желек көтөрүлгөндө эч нерсе болбогондой унутулуп калат.
— Мамлекет тарабынан берилген 10 миллион сом акчалай сыйлыкты эмнеге жумшайын деп жатасыз?
— Чынын айтсам, ал тууралуу ойлоно элекмин. Андан башка маселе, көйгөйлөр көп. Эң эле биринчисин "мындан ары да күрөшөм" деп чечип алдым. Акчаны туура колдонуунун да убакыт-сааты келет.
Картошка терип, уй саап... Эмгекке бышкан Айсулуу
— Кичинекей Айсулуунун бала чагы кандай өттү эле? Өзүңүз Майлуу-Сууда төрөлүп, кийин Кочкордо чоңоюптурсуз.
— Атам мен төрөлгөн жылдары Майлуу-Сууда иштечү экен. Ошентип Майлуу-Сууда төрөлүп калгам. Бирок бала чагым Кочкордун Теңдик айылында өттү. Ошол жакта эс тартып, ошол жакта окугам. Айрымдар жерлигимди талашып калышат. Мен — кыргыздын кызымын! Кыргызстандык болгонума башкача сыймыктанам.
Бала чагым кызыктуу өткөн, дегеле жашоом кызыктарга бай. Эгер мен тууралуу китеп жазылып кала турган болсо, батпай калмак деп ойлойм. Кино тартылса сериал болмок дей берем.
Башкача ойлончумун. 1-класска жаңы эле барганда 11-класстын окуучуларын көрүп "апа, менин 11 жылдык өмүрүм ушул мектепте эле өтүп кетеби?" дептирмин. Апам "1-класска бара элек, окуй элек жатып качан бүтөм дейсиң, убакытты эмитен ченеп жатасыңбы?" деп күлгөн эле.
Эмнегедир кичинекей кезимен эле көп кыялданып, өзүмдү башка мамлекеттерде жүргөнүмдү, жашоомду такыр башкача элестетчүмүн. Азыр ошол элестетип жүргөн кыялымдын бардыгы 10 эсе көрктүү болуп, орундалып жатат.
Бала чагымда энергиям ашып-ташып, үйдүн жумушуна да, көчөгө чыгып ойногонго да жетишер элем. Ошол эле маалда сабакты жакшы окуп, жумушка бышып чоңойдум. Энергиямдын бардыгын кийин күрөшкө кетирдим десем болот.
Жашоодо көп нерсени көргүм, билгим, окугум келчү. Бирок айылда шаардагыдай мүмкүнчүлүк, шарт аз да. Өзүмө батпай эле чоң нерсени каалап, бугум чыкпай жаткандай сезилчү. Апам аныбызды билип баскетбол, волейбол ойнотуп, чуркатып алаксытчу экен. Көрсө, ошол учурда эле бизди эмгекке, спортко даярдаптыр.
— Күрөшкө келип калууңузга ким же эмне себепчи болду эле?
— Апам спортту абдан жакшы көргөн адам. Өзүндө андай мүмкүнчүлүк болбогондуктан бизге эч качан чектөө койгон эмес. Ашып-ташкан энергиябызды туура нерсеге жумшасын деп бардык мелдештерге катыштырчу. Таңкы бештерде туруп алып апам экөөбүз чуркайбыз. Айылдын баары уктап жатканда биз таң атпай чуркап келип, анан жумуштарды баштачубуз.
8-9-класстар аралыгында каратэ боюнча секция ачылып, ага жазылдым. Ал жактан Максат деген агай бир жылдай машыктырды.
Бир күнү күрөшкө барып жүргөн Арген деген классташым: "Айсулуу, келсең сага бир нерсе айтайын, — деп калды. — Нарында кыздар күрөштү. Ал кыздарды сен жөн эле утуп коесуң, кийинкиде биз менен барып көрбөйсүңбү, 2-3 күндөн кийин кайра барабыз, атама айтып коем", — деди. Анын атасы ошол кезде машыктыруучу болчу. Албетте, алгач "күрөшүп көрбөсөм кантип барам" дедим. Бирок классташымдын мага ишенген сөзүнөн кийин ичим жылып калды.
Ошол учурда бир тууган байкем шаарда болчу, өзү күрөшкө барып жүргөн адам. Ага чалып "байке, мага күрөшкө кие турчу борцовка салып жибериңизчи, Нарында мелдеш болот экен, ошол жакка катышып көрөйүн деп жатам" десем эле байкем борцовканы ошол күнү Бишкектен алып, салып жиберди.
Нарынга бардык. Эч кандай ыкма колдонбой эле 1-орунду алдым. Өзүм деле кантип биринчини алганымды билбей калдым. Азыр ойлосом, күч бар экен. Анан тырышчаак, сезимталдуулук менен жеңиптирмин. Ошол Нарындагы мелдешке шаардан да машыктыруучулар барган экен. Алар мени көрүп "шыктуу экенсиң, сенден бир нерсе чыкчудай, шаарга келбейсиңби, интернат бар, кыздар да күрөшөт. Бишкектен өсөсүң" деп айтып кетишти.
Үйгө келип "азыр эле кете берсем кандай болот" деп көпкө ойлондум, башкача сезимдер болду. Акыры Бишкекке кетүүнү чечип, мектептен 10-классты окубай эле кийимимди чогултуп, ата-энемдин ыраазычылыгын алып Бишкекке жолго чыктым.
— Айсулуу Тыныбекова үйдө кандай адам?
— Мектепте 10-класска чейин окудум деп жатпаймынбы. Ошол убакытка чейин үйдүн да, сырттын да жумушун бүт кылдым. Алты жашымда талаага барып картошка отошуп, 7-8 жашымда уй, кой кайтарышып, айтор, эмгекке бала кезден бышып чоңойгом.
Кир жуучу автомат машиналар жок, үйдөгүлөрдүн кийимдеринин баарын колго жуучумун. Анда да сууну сырттан ташып келип, казанга ысытып, анан эки-үч сыйралап жуумай. Эртең менен беш уй, кечинде беш уй саайм. Апам таза адам. Бизди катуу эле кармады.
Спортко келгиче жумушка жакшы эле быштым. Айрымдар Айсулуу эч нерсе кылбаса керек деп ойлошу ыктымал. Андай деле эмес. Көңүлүм келсе тамакты түрлөп, даамдуу кылып жасайм. Үйдөн тамак жасап калсам иним "сонун болуптур" деп мактап калат. Ар бир нерсени чын дилиң менен жасасаң баары жакшы болот деп ойлойм.
Аялдык бакыт, ыр жазуу
— Кыргызда кыз киши бой жетип калганда эле "качан турмушка чыгасың?" деген суроону бере беришет эмеспи. Мындай суроо бергендерге көз карашыңыз кандай?
— Жеке жашоом тууралуу жарыя кыла бербейм. Азыркы учурда колумду сурагандар көп, убагы келгенде туура чечим кабыл алам деп ойлойм.
— Аялдык бакыт деп эмнени түшүнөсүз?
— Айрымдар үчүн күйөөгө тийип, балалуу болуу бакыт. Кимдир бирөө өзүн жумушунан бактылуу сезет. Айтор, ар ким бакытты көз карашына жараша ар кандай көрсө керек.
— Соцтармакта пост, билдирүүлөрдү эки тилде (кыргыз, орус) тең абдан жакшы жазасыз. Бирөө жардам береби же өзүңүз жазасызбы?
— Орус классты аяктагандыктан орус тилин жакшы билем. Күндөлүгүмө да орус тилинде жазам. Ал эми кыргыз тили эне тилим, аны толук, эркин билем. Соцтармакка билдирүүлөрдү, ойлорумду өзүм жазып турам, жардам бергендер да бар.
— Сизди ыр жазат деп да укканбыз.
— Атам, эжем ыр жазышат. Мага да илхом келгенде ыр жазган учурлар болот. Бирок аны бир дагы адам окуган эмес. Баары өзүм үчүн.
— Ырларыңыз эмне жөнүндө?
— Аны эч кимге айткым келбейт (күлүп).
— Күндөлүктү азыркыга чейин жазасызбы?
— Ооба.
— Ошол күндөлүктүн негизинде китеп жазып же кино тарталы десе макул болот белеңиз?
— Толугу менен ачыкка чыкканга даяр эмесмин. Кийин менин уруксатым жок эле колдонулуп кетип ачыкка чыкпаса, өзүм уруксат бербейм го деп ойлойм.
Изабековдун кыздары
— Нурбек Изабековдун аялдар күрөшүнүн түптөлүшүнө кошкон салымы зор. Ал адам тууралуу жана сизден кийин күрөшкө келген Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жөнүндө айтып бересизби?
— 2010-жылы Нурбек Изабеков менен жумушту баштайлы деп чечкенден кийин агай мени жалгыз болбосун деп, эң биринчи Мээрим Жуманазарованы алып келген. Анда Мээрим кичинекей кыз болчу. Убакыт учкан куш экен, баары чоңойду. Андан кийин Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова, Калмира Билимбек кызы деген жакшы кыздар өсүп келе жатат. Нурбек агай мага "сен команданын лидери болосуң. Аркаңда келе жаткан кыздарды жакшы жолго салып, жакшы тарбия беришиң керек" деп айтчу. Ошондой эле "Айсулуу, сен эч качан өзүңдү ойлобо. Аялдар күрөшүн биз биринчи түптөп жаткандан кийин биз бир командабыз" деп ар дайым ынтымакка, биримдикке үйрөтүп келет.
— Нурбек Изабеков атаңардай эле болуп калса керек?
— Биздин атабыз, досубуз. Чет мамлекеттерге агай менен эле чыгып калган учурда дарыгер да, психолог, укалоочу, ал тургай курбубуз да болуп берет. Ал киши убактысынын 90 пайызын аялдар күрөшүнө жумшап келет.
Агайдын үй-бүлөсүнө баа берем. Бизди туура түшүнүп, өз кызындай кабыл алышты. Алардын үйүндө жети жылдай жашадым. Өзүнүн беш баласы бар, мен улуу кызындай эле болуп калгам. Балдарын жакшы көрөм, кээде кадимкидей сагынып калам, баары менден кичүү. Агайдын мээнетин ар дайым биринчи орунга коюп жүрөм.
— Беттештерди балбан катары жыйынтыктагандан кийин карьераңызды кайсы багытта улантасыз?
— Машыктыруучуларым 12 жылдан бери болгон билимин мага өткөрүп берип жатышат. Бул жашоодо алган билимди кайра бирөөнө үйрөтүш керек экен. Насаатчыларым келечекте мени машыктыруучу катары элестетишет. Ошого даярдап келишкен, ачык да айтышкан. Азыр мага машыктыруучу болгон эртеби деп ойлойм. Бирок баарын бир деле алып кетсе болот. Эгер адамдын каалоосу чоң болсо, баарын бирдей алып кете алат. Олимпиадага бара турганымды жарыя кылгандан кийин азырынча спортчумун.
— Эгер спортчу болбосоңуз, кайсы тармактын өкүлү болот элеңиз?
— Медицина, укук коргоо тармактарынын кызматкери болууга тандоо мүмкүнчүлүгү берилген. Бирок жан дүйнөм спортту тандап алды. Ошол себептен жашоомду спортко арнадым.
— Эмне кылып эс алганды жакшы көрөсүз. Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
— Бош убакытта үйдө жата бергенди көп жактырбайм. Жылдын баары эле машыгуу менен өтөт. Бир аз убакыт болуп калса эле дүйнө жүзүн кыдырып, саякаттаганды жакшы көрөм. Бирок эң алгач Кыргызстанды кыдырып чыгам деген максатым бар. Анткени өлкөбүздө сонун, кооз жерлер көп. Былтыр Таш-Рабатка барып келгем. Ага чейин Көлдү кыдыргам. Жети облустун бардык кооз жерине баргым келет. Активдүү эс алганды жактырам.