Ооба, эркектер да жыныстык катнаштан коркушат. Сыртынан арстан көрүнгөнү менен, ичинен кооптунуп турушат... алар деле тирүү жан да. Бул боюнча изилдөөчүлөр атайын сурамжылоо жүргүзүшкөн. Сурамжылоого жооп берген эркектердин арасында төшөк оюндарынан корккон, башкача айтканда жыныстык катнашка бел байлап кирише албаган үч шартты аныкташкан.
1. Эркектер аялдын боюна бүтүрүп коюудан коркушат
Эң эле биринчи эркектер жыныстык катнаш менен алектенген аялдын боюна бүтүрүп коюудан коркушат. Сурамжылоого катышкан эркектердин 83 пайызы, же болбосо 6 эркектин бешөө ушундай жооп берген. Себеби, жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбестигин билдиришкен.
2. Кыздык белгиден коркушат
Ооба, эркектер “таза” кыздардан да коркушат экен. Сурамжылоого катышкан эркектердин 70 пайызы ушундай коркунуч болорун билдиришкен. Биринчиден, жоопкерчиликтен коркушса, башкалары мындай кыздар алгачкы түнүн сүйүктүүсү менен гана өткөрүшү керек деген оюн билдиришкен. Үчүнчү топтогулары кыздык белгиден ажыратуу кыйын, жаракат алуу коркунучу жогору деп эсептешет.
3. Башка эркектерден төмөн болуп калуудан коркушат
Эркектердин дагы бир корккону – башка эркек менен салыштырганда төмөн болуп калуу. Аялдын мурунку күйөөсү менен салыштырганда төшөктө андан тажрыйбасыз болуп, ал сыяктуу боло албай калуудан коркушат. Ачык айтканда, өзүн башка эркек менен салыштыргандан коркот көрүнөт. Ушул абал эркектердин намысына өтө катуу тиет. Бул сурамжылоого катышкан эркектердин 64 пайызынын жообу.
Арийне, мындан башка да коркунучтар бар
- Мисалы, эркектердин 50 пайызы жыныстык катнаш учурунда аялдын жан жерин ооруксунтуп алуудан коркорун айтышкан.
- Дагы бир тобу кыздыгын алган түндөгү кандан коркорун билдиришкен.
- 40 пайызы аялды канааттандыра албай каламбы деп коркорун мойнуна алышкан.
- Кийинки орунда жыныстык катнашта жаңы позаларды байкап көрүүдөн корккон эркектер турат.