"Талибан"* 31-августтан соң Афганистандан чет элдиктерди эвакуациялоого тыюу салат

25 августа 2021 "Талибан"* 31-августтан соң Афганистандан чет элдиктерди эвакуациялоого тыюу салат

"Талибан"* кыймылы 31-августтан кийин Афганистандан адамдарды чыгарууга тыюу салат. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забихулла Муджахиддин айтымына таянып РИА Новости билдирди.

Ал 31-августка чейин АКШ Афганистандан чыгып кетиши керектигин белгилеген.

Буга чейин АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы Адам Шифф АКШнын жарандарын Афганистандан 31-августка чейин чыгарып кетүүдөн күмөн санап, алардын миссиясын узартуу тууралуу айткан. Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден АКШнын жарандарын толук чыгарып кетмейинче аскерлер Кабулду таштап кетпей турганын белгилеген. 

Ал арада Пентагон мурдагыдай эле аскерлерди 31-августка чейин чыгарып кетебиз деген максат коюп жатканы айтылды. Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Кирби билдиргендей, Вашингтон кетүүнү каалаган, өмүрүнө коркунуч туулган бардык АКШ жарандарын жана афганистандыктарды чыгарып кетет. Америка ошол эле учурда эвакуация иштерине талибдер да жардам бериши керектигин айтышкан.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.


sputnik