Кыргызстанда ар бир автоунаа каттоо же кайра каттоодо сүрөткө тартып алынат

25 августа 2021 Кыргызстанда ар бир автоунаа каттоо же кайра каттоодо сүрөткө тартып алынат

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери мындан ары автоунааларды каттоодо жана кайра каттоодо машинаны сүрөткө тартып алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Мындай өзгөртүүлөр транспорттук каражатты каттоо жана кайра каттоо жөнүндөгү эрежелерге киргизилген. Машинанын сүрөтү жана текшерүү акты электрондук базага киргизилет.

Министрликтен билдиргендей, базага сүрөт менен актыдан сырткары кузовдун номерлери, автоунаанын жайгашкан жеринин координаттары жана текшерилген күндүн датасы киргизилет.

Милдеттүү фотофиксация автоунааны жол-жоболоштуруу учурунда текшербестен каттоо же кайра каттоо фактыларын жоюуга жардам берери айтылды.


sputnik