УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Маалыматты УКМКдан тастыкташты.
"Ал 50 миллион сом төлөдү. Тергөө аяктаганга чейин үй камагында болмокчу", — дешти аталган комитеттен.
Абылгазиев 2021-жылдын 26-январында коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып, кармалган. УКМК анда Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккандыгын айткан эле. Андан сырткары, активдерин мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алып, курулушка инвестиция салган делген.
Биринчи май райондук соту 19-мартта баш коргоо чарасын карап, Абылгазиевди камакка калтыруу чечимин чыгарган.
Эскерте кетсек, Абылгазиев өкмөттү 2018–2020-жылдары башкарган.