Аялдарга “үстүндө болуу” жакпайт

23 августа 2021 Аялдарга “үстүндө болуу” жакпайт

Албетте, жыныстык катнашта бул баарына бирдей жакпайт деген сөз эмес. Адатта, “үстүндө болгон” кезде аял көбүрөөк оргазм алат. Бирок, муну көпчүлүк аялдар сезе алышпайт.

1. Буту уюп же чарчап кетет

Йога же бий менен алектенген аялда мындай проблема болбойт. Бирок, көбүнчө мындай кыймыл-аракетте аялдын буттары талып же чарчап кетип, баштаган ишин аягына чыгара албай калышат. Ошондуктан, ал баарын эркекке өткөрүп, өзү астына жатып берет.

2. “Сыртымдан кызыктай көрүнүп калам”

Аялдар качан болсо өзүнүн сырткы көрүнүшүнө маани берери анык. Аял көнгөн адатын төшөктө да коё албайт. Эс-учун жоготуп, рахатка балкый турган маалда да сырткы көрүнүшүн ойлоп жетишет. “Эркектин үстүнө минип алсам, кандай көрүнүп калам” деген ой менен бул позаны жактырбайт.

3. Салаңдаган курсагымды көрүп коёт

Ооба. Төрөттөн кийин баарынын ичи мурдагы калыбына келе бербейт. Майга толгон, тырыгы бар курсагын эч кимге көрсөткүсү келбейт. Бул алардын өзүнө берген баасын төмөндөтөт. Эркектер төшөк катнашы учурунда аялдардын курсагына маани бербейт экени да кызыктырбайт.

4. Астынан караганда сулуу көрүнбөй калам

Кыз-келиндердин көбү чалкалап жатып алып сүрөткө түшкөндү жакшы көрүшөт. Себеби, чалкалап жаткан кезде беттин териси тартылып, шалбырап турган жерлердин бардагы жазылып көрүнөт. Эгер, кошулуу учурунда үстүндө болгон позада кемчиликтердин баары көрүнүп калат деп санааркашат.

5. “Ыргакка түшө албай калсамчы” деген коркунуч

Кээде, мындай позада аял менен эркектин ыргагы келишпей, төшөк оюну ойдогудай болбойт. Баары эле биринчи жолкусунда окшошуп кетпейт да. Ушундан улам аялда ишенбестик пайда болушу мүмкүн.

6. Жанбашым солкулдап...

Бул дагы аялдарга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Жанбашы кичинекейлерде болбосо керек, ал эми чоңдор өздөрү эле уяла беришет. Ошондуктан, көпчүлүк аярдар эркектин үстүнө чыгып, жыныстык катнашка баруудан баш тартышат.

7. Жаракат алуудан коркуу

“Үстүндө болуу” чынында кооптуу позалардын бири. Абайлабаса, өзүнө да, эркектин жыныс мүчөсүнө да жаракат арттырып алышы мүмкүн. Андыктан, жыныстык кошулууда бир ыргакка түшүү маанилүү.