23 августа 2021
Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан медаль алган спортчулардан тышкары Кыргызстандын курама командасынын айрым мүчөлөрүнө да акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.
Акчалай сыйлангандар:
- Айсулуу Тыныбекова (балбан) — 10 миллион сом;
- Акжол Махмудов (балбан) — 10 миллион сом;
- Мээрим Жуманазарова (балбан) — 7 миллион сом;
- Нурбек Изабеков (машыктыруучу) — 8 миллион 150 миң сом;
- Мейрамбек Ахметов (машыктыруучу) — 2 миллион 500 миң сом;
- Азат Эркинбаев (машыктыруучу) — 3 миллион 300 миң сом;
- Байгазы Кенжебаев (машыктыруучу) — 4 миллион 500 миң сом;
- Улукбек Карачолоков (машыктыруучу) — 2 миллион 750 миң сом;
- Айпери Медет кызы — 1 миллион сом;
- Бактыгүл Алишева (Спорттук медицина борборунун дарыгери) — 1 миллион 500 миң сом;
- Бекдөөлөт Расулбеков (оор атлетчи) — 1 миллион сом;
- Жоламан Шаршенбеков (балбан) — 1 миллион сом;
- Өмүржан Молдодосов (машыктыруучу) — 500 миң сом;
- Чынарбек Изабеков (машыктыруучу) — 1 миллион 750 миң сом;
- Түгөлбай Базакечев (машыктыруучу) — 1 миллион сом;
- Константин Еремич (Спорттук медицина борборунун улук укалоочусу) — 1 миллион 500 миң сом;
- Акбаралы Жамалдин уулу — 1 миллион сом;
- Камбар Токтоналиев (машыктыруучу) — 300 миң сом;
- Руслан Капаев (машыктыруучу) — 100 миң сом;
Кыргызстандын спортуна салым кошкондорго "Манас" ордени, "Даңк" медалы, Ардак грамота, Алкыш баракчалары тапшырылды.