Жапаров: кийинки Олимпиадада үч алтын медаль алып келгиле, милдет коем!

23 августа 2021 Жапаров: кийинки Олимпиадада үч алтын медаль алып келгиле, милдет коем!

Кийинки Олимпиадада үч алтын медаль алып келгиле, милдет коем. Бул тапшырмасын президент Садыр Жапаров Олимпиада-2020 оюндарынан медаль алган спортчулар менен Кыргызстандын курама командасына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатканда берди.

"Дагы бир жолу белегиңер кут болсун! Биздин 30 жылдыгыбызга (Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы – ред.) үч медаль алып келип бердиңер... Эми буюрса, биздин 33 жылдыгыбызга үч алтын медаль алып келесиңер деп ишенем. Жана ошондой эле алдыңыздарга милдет коемун! Биз тараптан колдон келген жардамыбызды үч жыл бою беребиз. Сиздер жыйынтык көрсөтүшүңөр керек болот", — деди Жапаров.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы салтанатта күмүш медалдардын ээси Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алды. Ал эми Мээрим Жуманазаровага III даражадагы "Манас" ордени тагылып, 7 миллион сом акчалай сыйлык тапшырылды. Үч олимпиадачыга тең президенттин атынан Toyota RAF 4 автоунаасы белекке берилди.

sputnik