Төрөтканада келин кошуна жаткан аялдын баласын терезеден ыргытып жиберген

19 августа 2021 Төрөтканада келин кошуна жаткан аялдын баласын терезеден ыргытып жиберген

Россиянын Стерлитамак шаарында аял кошуна жаткан аялдын баласын үчүнчү кабаттын терезесинен ыргытып жиберген.

Тилекке каршы дарыгерлер баланын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Окуя 16-августта болгон. Перинаталдык борбордо эки аял кесарево жолу менен көз жарган. Палатага которулгандан кийин аялдардын бири кошунасынын баласын алып, терезеден ыргытып жиберген.

Келин эмне үчүн мындай кылганын түшүндүргөн эмес. Ал буга чейин психоневрологиялык диспансерде дарыланганы аныкталган. Азыр аялдын өз баласы бөлөк багылып жатат.