Месси көз жашын аарчыган салфетка 1 млн. долларга аукционго коюлду

16 августа 2021 Месси көз жашын аарчыган салфетка 1 млн. долларга аукционго коюлду

Аргентиналык футболчу Лионель Месси көз жашын аарчыган кагаз салфетка бир миллион доллар баа менен аукционго коюлду. Бул тууралуу Eurosport жазды.

Месси өткөн жумада Испаниянын "Барселона" клубунан кетип жатканына байланыштуу уюштурулган маалымат жыйында көз жашын тыя албай ыйлап жиберген.

Спортчу сөзүн баштай албай жашып бир саамга турган, ошол учурда жубайы Антонелла Рокуццо ага көз жашын аарчуу үчүн салфетка берген.

ВИДЕО

Футболчу менен клуб келишимди узартууга даяр болгон, бирок анын экономикалык жана Ла Лигадагы структуралык эрежелери менен макулдаша албай калышкан. Мындан улам Месси карьерасын Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунда улантмай болду.

Лионель Месси "Барселонанын" курамында 2004-жылы ойноп баштаган. Каталониялык команда менен бирге аргентиналык футболчу тогуз ирет Испания чемпионатын, жети жолу Испания кубогу мелдешин уткан. Төрт жолу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин жеңүүчүсү болгон. Месси "Барселонанын" сабында расмий оюндарда көп ойногон (778 беттеш) жана көп гол (672 гол) киргизген футболчу болуп саналат.


sputnik