"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына эжеси менен үй талашып жаткан келин кат жазган.
Саламатсыздарбы, менин сиздерге кат жазганымдын себеби бир туугандар ортосундагы маселеге байланыштуу көйгөй болуп жатат. Биз үч эле кызбыз. Эң улуу эжем апамдын көзү тирүүсүндө эле турмуш куруп, үй-жайлуу болуп кеткен. Апам алдуу-күчтүү кезинде ал эжеме сеп да даярдап бергенге жетишти. Азыр бала-чакалуу, өзүнө тийиштүү оокаты бар.
Андан кийин экинчи эжем жаңы турмушка чыкканда апам ооруп калды. Ал күйөөсү менен келип, бир жылдай багып, апам менен бирге турган. Анан апам да каза болду. Мен ал кезде шаарда иштечү элем. Тапкан акчамды апамдын дары-дармегине, кийин жерге берүү зыйнатына жумшадым.
Ошентип апамдын ашы өтүп, бир жарым жылдан кийин мен да турмушка чыктым. Жолдошум жакшы, үйдүн кичүү баласы. Бирок кайненем: "сенден сеп келген эмес, артыңдан эки төшөк да келген жок", – деп мээмди жеп, үйдөн кууй берчү болду. Башым менен жер казып оокатын кылсам да жакпай койдум. Акыры чыдабай "апам мага сеп катары үйдүн жарымын калтырган" деп койгом. Анткени апам раматылык үйдү экинчи эжем экөөбүзгө мурас катары каттатып койгон. Кайненем ошондон бери жанымды койбой жатат.
Азыр эжем үч балалуу, жолдошуна деле айылда жумуш жок. Ошол үйдө турушат. Ага барып "Мага сеп даярда же үйдөгү менин үлүшүмдү бер. Сеп катары өзүмө эмерек алайын" десем болбойт. Туугандар да "апаңды ушул баккан, күйөөңдүн үйү турбайбы, уялбайсыңбы" деп жаман көрүп жатышат. Ортодо эмне кылышты билбей калдым. Кантип туура жол тапсам болот?
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Бир туугандар арасындагы келишпестикти сүйлөшүү жолу менен чечип алса болот. Бирок кайнененин келининен сеп талап кылып, үйдүн үлүшүн алууга далалаттанып жатканы одоно көрүнүш. Мунун баары келинге үстөмдүк жасоо катары сыпатталат. Анткени кайнене келиндин төркүндөрүнүн абалын жакшы түшүнүп турат. Алар сеп бере албасын да билет. Бирок ага карабай келинине терс мамиле жасап, атайын басмырлаганы туура эмес. Мунун кесепетинен келин эжесине үй тууралуу айтууга мажбур болгон.
Сиз кайненеңизди отургузуп алып, эжеңиздин шартын дагы бир сыйра түшүндүрүп көрүңүз. Анткени туугандар деле апаңыздын үйүнүн сатылып кетишин каалабайт. Анын үстүнө айылда жумушу жок эже-жездеңизди бала-бакырасы менен аяп жатышкандыр.
Эми маселени экинчи жагынан карап көрсөк, кайненеңизге жасаган мамилени дагы бир сыйра анализдеп чыкканыңыз туура. Мүмкүн кайсы бир жерден көңүлүн оорутуп, ал кишини да ушул кадамга жеткирип жаткандырсыз. Себебин иликтеп көрүңүз. Кайненеңиз туруп-туруп эле эриккенинен сеп доолайбы же кайсы бир кылыгыңызга нааразы болуп, анан ушул сөздөр айтылып жатабы? Бул да маанилүү. Анткени мамилени жөндөө менен маселени чечип алууга болот.
Тынбай жумуштун баарын жасасаңыз да жакпай жатканыңызды айтыптырсыз. Жумуш жасоо башка, эки адамдын мамилеси бөлөк каралат. Ортодогу жылуу мамиле көп көйгөйдүн жаралышына бөгөт болот.