Токтогулда ажатканага ташталган ымыркайдын энеси табылды

11 августа 2021 Токтогулда ажатканага ташталган ымыркайдын энеси табылды

Токтогул шаарында дааратканага ташталган ымыркайдын энеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн ӨКМ аталган шаардагы турак үйлөрдүн ажатканасынан жаңы төрөлгөн кыз табылганын кабарлап, куткаруучулар аны ИИМ менен Тез жардам кызматына алып чыгып беришкен.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында ымыркайдын энеси Бишкек шаарынын А.К. аттуу 18 жаштагы тургуну экени аныкталган.

Ал 7-август күнү Токтогул шаарына келген. Курбу кызынын үйүнө 10-август күнү барып, 11-августта төрөп, ымыркайды дааратканага таштап койгон.

Учурда бөбөктүн энеси кармалып, окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.


sputnik