Рафаэль Физиев Хабиб Нурмагомедовдун мушташуу стилин жактырбайт. Видео

10 августа 2021 Рафаэль Физиев Хабиб Нурмагомедовдун мушташуу стилин жактырбайт. Видео

UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Рафаэль Физиев жеңил салмактын экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун мушташ ыкмасын жактырбайт. Бул тууралуу ал спорт журналисти Жеймс Линчтин YouTube каналына маек берип жатып айтты.

Ал Хабибдин мыкты күрөшкөнүн белгилеп, бирок анын ыкмасын жактырбаганын билдирди.

"Мен эч качан анын фанаты болгон эмесмин. Анткени биздин мушташуу стилибиз ар башка. Таптакыр жакындашпайт. Мен сокку уруучу, ал күрөшүүчү мушкер. Ал чынында өтө мыкты күрөшөт. Хабибдин күрөшү менен кандай атаандаш болсо да жеңип алууга болот. Бирок андай беттеш мага жакпайт", — деген Физиев.

Ошондой эле ал Ислам Махачевдин Дрю Добер менен таймашын да сындай кетти.

"Үч раунд күрөш. Махачев аны жерге жыгып, жеңип алды. Бирок ал беттеш кызыксыз болду", — деген кыргызстандык мушкер.

8-августта UFC 265 мелдешинде Физиев америкалык Бобби Гринди калыстардын чечими менен утту.

Бул кармаш "кеченин таймашы" жана "абсолюттук шоу" болуп, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан.


sputnik