Токаев Олимпиадада Казакстан көрсөткөн жыйынтыкка нааразы болду

10 августа 2021 Токаев Олимпиадада Казакстан көрсөткөн жыйынтыкка нааразы болду

Казакстандын спортчулары Олимпиада оюндарында сегиз коло медаль алып, 83-орунда болушу өлкөнүн спорттук потенциалына жана спортту өнүктүрүүгө жумшалып жаткан каражатка туура келбейт. Бул тууралуу мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

"Токиодогу Олимпиада оюндарына 93 спортчу катышты. Мен коло медаль алган спортчуларга талыкпаган эмгеги жана аракети үчүн ыраазычылык билдирем. Анткен менен жалпы командалык эсепте 83-орун, сегиз коло медаль Казакстандын спорттук потенциалына жана спортту өнүктүрүү үчүн бөлүнүп жаткан каражатка жооп бербейт", — деп жазды Токаев.

Ошондой эле ал бул жолку жыйынтыктан сабак алып, эми Париж Олимпиадасында эл күтүп жаткан ийгиликтерди багындыруу керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, президент спорт тармагында бир топ реформаларды жасоо керектигин айтты.



sputnik