ЖМК: машинаны айдай качкысы келген бала авто ээси жамбашка чапканда мүрт кеткен

10 августа 2021 ЖМК: машинаны айдай качкысы келген бала авто ээси жамбашка чапканда мүрт кеткен

Санкт-Петербург шаарында автоунааны айдай качууга аракет кылды деп шектелген киши машинанын кожоюну аны жамбашка чапкан соң каза болуп калды. Бул тууралуу жергиликтүү "Фонтанка" сайты жазды.

Окуя Василеостровский аймагында 9-августка караган түнү болгон. Маалыматка караганда, 20 жаштагы бала көчөдө турган автоунаанын капотун ачып алып чукулап жаткан. Ошол кезде сигнализация иштеп кетип, автоунаанын ээси жетип келген.

"Кожоюн акырын артынан барып, баланы жамбашка чапкан. Ал ошол жерден эсин жоготуп жыгылып, жерине келген медиктер өлүмүн каттоого алды", — деп айтылат кабарда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, баланын жүрөгү коркконунан токтоп калган.


sputnik