Америкалык кинорежиссер Квентин Тарантино бала кезинде анын кыялдарына ишенбеген энесине эч качан акча бербейм деп өзүнө сөз бергенин Page Six басылмасына курган маегинде айткан.
Тарантино башталгыч мектепте окуп жүргөндө эле сценарий жаза баштаган. Бирок мугалимдер анын мындай кызыгуусун анча колдошкон эмес. Ал эми энеси баласынын мектепте жакшы окубагандыгына байланыштуу аны көйгөй катары көрүп келген.
"Апам мени кыйкырып уруша берчү. Бир күнү шылдыңдагансып "баса, сенин кичинекей жазуучулук карьераң... бул болбогон ишиң бүттү!" деп айткан. Ошол кезде ичимден "Макул, айым. Мен ийгиликтүү жазуучу болгондо бир тыйын албайсың, үй, унаа алып бербейм" деп айткан элем", - деген Тарантино.
Режиссер ошол сөзүнө турганын моюндады. Ал энесинин салыктар боюнча көйгөйү жаралганда бир эле жолу жардам бергенин айткан. Режиссер ата-энелерди бала менен сүйлөшүү учурунда, айрыкча, алар үчүн маанилүү тема боюнча кеп козголгондо абайлап сүйлөөгө чакырып, ар бир айтылган сөздүн кесепети болорун белгилеген.