Төмөнкүдөй 6 түрдүү аялга үйлөнбө!

9 августа 2021 Төмөнкүдөй 6 түрдүү аялга үйлөнбө!

Ооба, кыздын жаманы жок, бирок аял болгондо өзгөрүп, эркекти чарчатып жибере тургандары бар. Алар кимдер?

“Оорулуу” аялдар

Чынында эле оорукчан, же оорумуш болуп көрүнгөн аял. Аял ыңыранып, күндө мазасы кетип жүрөт. Кайын-журттун үйүндө той-маараке болуп калса, ал дароо ооруп калат. Күйөөсүнүн достору келсе да башын таңып, кабагын чытып отурган болот. Көңүлү чаппай, айткан-дегени орундалбай калса, “ооруп турам” деп терс бурулуп кетет. Ооруларын күндө санай берип, күйөөсүнүн мээсин ачытат. Кыскасы, күмүш катын күндө оору, жаман катын түндө оору.

Милдетчил аял

Ар бир ишин милдет кылат. Анын тамак жасаганы да, эрте турганы да, кош бойлуу экени да – милдет. Тамак жасаса, аны өзү да жейт. Баланы күйөөсү үчүн төрөбөйт, өзүнө да керек. Үйүн жыйнаса, ошол үйдө өзү да жашайт. Милдет кылып, “сенин апаңдын кийимин жуудум”, “сенин балаңды көтөрүп жүрөм”, “сага тамак жасадым” деп айта бергенден чарчабайт. Мындай аял, эгер көбүрөөк акча таба баштаса, эркектин башына чыгып, ата-энесине өктөм сүйлөй баштайт.

Баалай билбеген аял

Анын сөзү салыштыруу менен чектелет. Күйөөсүн курбуларынын жубайы менен, балдарын абысынынын же кошунанын балдары менен, жашоосун башкалардыкы менен салыштыра берет. “Баланчага турмушка чыкканымда, азыр жашоом башкача болмок”, “эгер сенин досуңдун аялы болсом, ал суранган жагыма жөнөтмөк. Анын аялы кандай бактылуу!” деген сөздөр күйөөсүнүн кыжырын келтирип, көңүлүн түшүрөт. Мындай аялдын көңүлүн табуу өтө кыйын. Канчалык жакшы болууга аракет кылсаңыз да, көп акча тапсаңыз да, эмгегиңиз бааланбайт.

Көз арткан аял

Ар нерсеге, ар кимдин жашоосуна, мүлкүнө кызыгып, өзүндө барга көңүлү толбогон аял. Башкаларын турмушуна көңүл бурам деп, өз үй-бүлөсүн унутуп коёт. Эң жаманы кызыгуусу тез тарайт. Ошондуктан, ал бүгүн сатып алган кийимин эртең кийгиси келбейт. Көргөнүн алып бер деп күйөөсүн кыйнайт. Кайсы жерде кафе, ресторан ачылса, сөзсүз барыш керек деп эсептейт. Мындай аялдын күйөөсүнүн башы карыздан чыкпайт.

Өзүн гана ойлогон аял

Бети-башын боёп, сулуулануу менен убара болот. Көйгөйдү, жок нерсени тамакка отурганда айтып, уруш чыгарат. Мындай аял өзүн гана ойлойт. Күйөөсүнө боору оорубайт. Өзүнүн сулуусугунан эч нерсе аябайт. Күйөөсүнүн башына оор иш түшсө, оңой эле таштап кете берет.

Калп сүйлөгөн аял

Аны дароо таанууга болот. Ал кербезденип жасалма сүйлөйт жана сөзү көп. Көп сүйлөгөн жаман эмес, бирок психологдор көп сөз калп айтууга алып барат дейт. Калпты көп айткан аял каратып туруп сатып кетиши мүмкүн.