Ислам Каримовдун небересинин жылаңач сүрөтү өзбекстандыктары нааразы кылды

9 августа 2021 Ислам Каримовдун небересинин жылаңач сүрөтү өзбекстандыктары нааразы кылды

Өзбекстандын тунгуч президенти, маркум Ислам Каримовдун жээнинин (кызынын кызы) күйөөсү менен түшкөн сүрөтү социалдык тармакта чоң талкуу жаратты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Блогер Амиран Сардаров Instagram баракчасына аялы менен түшкөн селфисин жүктөгөн. Анда Марьям Тилляева (Лола Каримова-Тилляеванын кызы) ич кийимсиз, күлүп турат.

Сүрөт жүктөлгөндөн кийин Амирандын Өзбекстандагы катталуучулары анын "татыксыз" жүрүм-турумуна жана Марьямдын кылыгына нааразы болушкан.

Бир суткадан кийин 34 жаштагы блогер сүрөттү өчүрүп, көпчүлүктүн алдында аялынын туугандарынан жана жакындарынан кечирим сураган.

"Аялымдан жана анын жакындарынан кечирим сурайм. Тамашалайм деп чектен чыгып кеттим. Улуу урматтуу Каримовдордун үй-бүлөсүнөн татыксыз жана ойлонулбаган кадамым үчүн дагы бир ирет кечирим сурайм", — деп жазган Амиран Сардаров.

Анткен менен Марьям жолдошуна болушуп, ага анын баракчасынын контенти жагарын жана кечирим суроонун кажети жок экенин айткан.

Марьям Тилляева — Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси. Ал көзү өтүп кеткен саясатчынын кенже кызы Лола Каримова-Тилляеванын кызы.


sputnik