Супермаркеттен 40 миң сомдук товар уурдап кеткен. Шектүү аял үй камагына алынды

12 декабря 2018 Супермаркеттен 40 миң сомдук товар уурдап кеткен. Шектүү аял үй камагына алынды

Шектүү соттун чечими менен үй камагына алынды.

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында борбор калаадагы супермаркеттердин биринде белгисиз аял 40 миң сомдук товарды уурдап кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, супермаркеттин администратору Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.

Анын негизинде Криминалдык милициянын кызматкерлери кылмышка шектүү катары 30 жаштагы аялды кармаган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ("Уурулук") боюнча кылмыш иши козголду.

Сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, үй камагына алды. Тергөө уланууда.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Владимир Астапкович