Мөөнөтү өтүп кеткен насыялардын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

9 августа 2021 Мөөнөтү өтүп кеткен насыялардын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда төлөө мөөнөтү созулуп кеткен кредиттердин көлөмү 4 миллиард 686,9 миллион сомго бааланууда. Бул тууралуу Улуттук банктын июнь айынын аягындагы маалыматында айтылат.

Улуттук банктын классификациясына ылайык, 30 күн жана андан ашык убакытта төлөмдөр жүргүзүлбөгөн насыялар мөөнөтү өткөн деп эсептелет. Банктар берген насыялардын жалпы көлөмү 173,5 миллиард сомду түзсө, анын 4,7 миллиарды жогорудагыдай категорияга кирет. 

Белгилей кетсек, былтыр мындай кредиттердин жалпы көлөмү 2,7 миллиарддан 4,5 миллард сомго чейин жеткен. Бирок 2020-жылдын декабрынан тарта көбөйгөнү байкалууда. Ал айда 3,8 миллиард болсо, январда 4,1 миллиардды чапчыган.


sputnik