Инфекционист балдар арасында коронавирусту жайылтпоонун жолун айтты

9 августа 2021 Инфекционист балдар арасында коронавирусту жайылтпоонун жолун айтты

Эксперттер окуу жылы башталары менен балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны өсүшү ыктымал экенин айтып, аны алдын алуу жолдорун аташты. Адистердин пикири "Известия" басылмасына жарыяланды.

Дарыгер-инфекционист, медицина илимдеринин доктору Николай Малышевдин айтымында, балдар арасында вирустун тарашын токтотуу мүмкүн эмес. Анткени алардын дээрлик көбү бет кап тагынбайт, аралык сактабайт.

Медик ооруну алдын алуу үчүн чоңдордун коронавируска каршы вакцина алышы маанилүү экенин белгилеп, көп нерсе эмдөөгө байланыштуу экенин кошумчалаган.

Дагы бир инфекционист Евгений Тимаков чоңдор арасында эмдөөнү тездетүү керектигине токтолгон.

"Балдарды коронавирустан вакцина гана коргой алат. Эгер чоңдор эмделсе, аларда иммунитет пайда болуп, балдар да оорубайт. Башкысы, балага вирусту жугузуп албоо зарыл", — деген ал.

Эксперт жыл башына караганда акыркы айда эмчектеги бөбөктөр коронавирус менен көп ооруганын кошумчалаган. Ошондой эле медиктер вирус мутациянын азыркы темпи менен балдарга эки жылдан кийин көбүрөөк жуга баштаарын боолгологон.


sputnik