Кнопкасы бар, эски чөнтөк телефондор эмнеси менен ишенимдүү. Эксперттин кеңеши

9 августа 2021 Кнопкасы бар, эски чөнтөк телефондор эмнеси менен ишенимдүү. Эксперттин кеңеши

Телефон канчалык акылдуу болсо, анын жардамы менен адамдын жеке маалыматтарын көчүрүп алуу өтө оңой. Бул тууралуу Россиянын программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча "Цифровые платформы" компаниясынын башкы директору Арсений Щельцин билдирген. Эксперттин пикири РИА Новостиге жарыяланды.

"Адамдар функциясы азыраак, ал тургай функциялары дээрлик жок болгон телефон аппараттарын тандап алуу менен жеке маалыматтык коопсуздугун камсыздай алышат", — деген адис.

Анын айтымында, кнопкасы бар телефондон адамдын кайда жүргөндүгү, ким менен эмне деп сүйлөшкөнү тууралуу маалыматты, сүрөт, билдирүүнү биле алышпайт. Мындан тышкары, эски аппараттар жарнаманы көрсөтө турчу маалыматты чогултпайт. Бул да тобокелдикти азайта турган бир учур.

Адис батареясы узак убакытка жеткен арзан, ыңгайлуу телефондор көп экенин эскертип, тыңшоо жана маалыматын уурдатып жиберүүдөн саксактаган адамдарга интернет, социалдык тармактан такыр эле баш тартып, эски аппараттарды колдонууну сунуштаган.


sputnik