Секс териге пайдалуу экенин далилдеген 7 факты

6 августа 2021 Секс териге пайдалуу экенин далилдеген 7 факты

Витеминдер, таза аба, таза суу, туура тамактануу жана уйку... Туура, ушулардын баары сенин териңе оң таасирин тийгизет. Бирок, ушул тизмеге үзгүлтүксүз сексти кошуп коюуну унутпа. Англичандарда: күнүнө бирден алма жеп турсаң – дарыгерге кайрылуунун кереги жок деген сөз бар. Сексологдор оргазм жөнүндө ушул эле сөздү айтат. Эмнеге андай экенин айтып беребиз.

1. “Жайнап эле турасың!” – дешет сүйүүдөн бакыт тапкан учурда. Бул жөн эмес. Секс кан айланууну жакшыртат. Териге кычкылтек көп барып, тери ичинен жаркырай баштагандай сезилет. Организмден токсиндерди алып чыгып, эриндер борсоюп калат.

2. Безеткилер жоголот. Секс гормоналдык балансты калыбына келтирет, ошондуктан тери тазаланып, чачтын абалы жакшырат.

3. Секс картаюунун алдын алат. Туруктуу секс сени бир жоп жашка жаш көрсөтөт, анткени коллагендин активдүү иштелип чыгуусуна шарт түзөт. Теринин шалбырап калышына жана пигменттик тактарга толуп кетүүсүнө жол бербейт.

4. Секс көп болсо, бырыш аз болот. Бул дагы коллагенден улам.

5. Тери нымдуулукту сактап турат. Жаш кыздарда да, жашы өтүп калган аялдарда да. Менопауза башталгандан тартып гормоналдык фон алмашат, мындан улам теринин абалы начарлайт, ал кургак боло баштайт. Секс кан айланууну жакшырткандыктан, бул проблемадан кутулууга болот.

6. Бойго бүтүрүүгө каршы таблеткалар дагы теринин абалын жакшыртышы мүмкүн. Алар сенин гормоналдык фонуңду жөнгө салат, мындан улам майлуу тери жана безетки көйгөйүнөн кутулууга болот.

7. Теридеги майда тешиктер тазаланат. Эгер секс менен кумарланып алектенсең, анда катуу тердеп чыгасың, тер болсо терини бекер тазалап берет. Тер тешиктердеги кирди, макияжды жууга арналган тоник тазалай албаган косметиканы жууп кетирет.