Үлпөт тойго барган 17 кишиге чагылган түшүп каза болду

6 августа 2021 Үлпөт тойго барган 17 кишиге чагылган түшүп каза болду

Бангладеште үйлөнүү тойдун 17 коногуна чагылган түшүп, каза болду деп билдирет The Nation басылмасы. 

Маалымат боюнча, 4 -августта Бангладештин Чапайнавабганж районунда катуу нөшөр учурунда Падма дарыясы менен сүзүп бараткан кемеге чагылган түшкөн. Анын кесепетинен 17 адам көз жумуп, 6 адам жаракат алган.

Басылма Бангладеште жылдын ушул маалында чагылган көп түшөт деп жазат.